Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы качан чечилип бүтөрүн билдирди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Учурда эки тараптуу кагаз иштери жүрүп жатат. Ал бүтсө өкмөттөр аралык комиссиядан, андан кийин парламенттердин ратификациясынан жана президенттерден өтөт. Бул процесстерден кийин 1-2 жыл демаркация иштери жүрөт. Ошондон кийин гана чек ара маселеси толук бүтөт.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине берген интервьюсунда айтты.

Анын айтымында, кагаз иштери бүткөндөн кийин өкмөттөр аралык комиссиялар кол коюшат.
Андан кийин тышкы иштер министрлери кол коюшат.
Андан соң эки өлкөнүн парламенттеринен ратификациядан өтөт.
Ратификациядан өткөндөн кийин эки президент кол коюшат. Андан кийин нота алмашуу болот.
Андан соң дагы 1-2 жыл демаркация иштери жүрөт. Ошондон кийин гана толук бүтөт.

“Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыгы камтылган кезде маселе чечилет. Миң километрге жакын чек ара тилкебиз бар. Ошол тилкелердин көптөгөн жерлеринде талаш-тартыш жерлер болгон. Алардын баарын теңме-тең чечкен учурлар болду.
Андан сырткары, чектеш айылдарыбызда шахматтын доскасы сыяктуу жайгашып калган үйлөр бар. Аларды да түздөп сыздык”,- деди президент.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *