Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына республикалык бюджеттин эсебинен фиброскан аппараты алынып келинип, иштеп баштады.
Фибраскон- боордун абалын баалоо үчүн колдонулган медициналык аппарат. Бул аппарат боордун жумшактыгын же катуулугун өлчөө аркылуу боор кыртышынын абалы жөнүндө маалымат берет. Ал боор фиброзу, майлуу боор оорулары жана башка боор ооруларын аныктоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулат.
Буга чейин Баткен облусунун жарандары аталган аппараттын жоктугунан Ош шаарына барып кароодон өтүп турган.
Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 2500дөн ашун адам кан аркылуу жугуучу гепатиттин B,C,D түрү менен жабыркап, катоодо турат.