Кыргыз-Тажик чек арасында 15-январда саат 04:43тө күчү 3,5 баллга жакын жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти. Жер титирөөнүн очогу Транс-Алай кырка тоолорунда, Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта жана Ош шаарынан 140 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Бор-Дөбө айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жакын сезилди.