Баткен областынын прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын аймагында жайгашкан “Ж.Бөкөнбаев”, “В.И.Ленин”, “Кызыл-Жол”, “А.Имаров – Кызыл Топу” жана №4 жалпы билим берүүчү орто мектептердин 9-11-классынын окуучулары менен жолугушуу өткөрүлүп, балдар арасындагы кылмыштуулук, баңгилик, аракечтик, чылым чегүү жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана болтурбоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.
Жолугушууда жаш өспүрүмдөргө келечек кесиптин ээси болууда, ошол эле мамлекеттик кызматта, укук коргоо кызматтарынын багыттарын тандоодо, жаш кезекте билбестик менен жасалган ар кандай терс көрүнүштөр өз кесепетин тийгизээрин белгиленди.
Жыйында окуучулар прокурорлордон өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты.