Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы №712-т тескемесине ылайык 100 (жүз) даана мектеп автобустары райондорго өткөрүлүп берилди.
Анын ичинен Лейлек районуна 3 автобус бөлүнүп, алар Раззаков шаар мэриясына, Жаңы-Жер, Лейлек айыл өкмөттөрүнө окуучуларды ташуу үчүн тапшырылды.