Лейлек районуна жана Сүлүктү шааарына мектеп автобустары берилди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бул мектеп автобустары  “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тапшырылган. Заманбап коопсуздук стандартына жооп берген 20-22 орундук отургучтары бар бул автобустар эми алыскы аймактардагы мектеп окуучуларын ташыйт. Бул демилге парламенттик жыйында көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев тарабынан көтөрүлүп, аймактарга муктаждыктарга жараша автобустарды адилеттүү бөлүштүрүү керектиги сунушталган. Ал эми аталган министрлик муктаждыктарды чечүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзгөн. Бүгүн Лейлек районуна жана Сүлүктү шаарына автобустар келип, окуучулар жана ата-энелер өзгөчө кубанычка бөлөнүп турган мезгили.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *