Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы Олимпиадага бара турганын билдирди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Токио жана Париж Олимпиадаларынан байгелүү кайткан, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелесте (АКШ) өтө турган Олимпиадага бара турганын билдирди. Бул тууралуу балбан кыз УТРК спорт – Кыргызстан каналындагы маегинде айтты.

Podium 62kg WW – Gold Aisuluu Tynybekova (KGZ)

“Спорттук карьерамда бир эле медал – Олимпиаданын алтыны гана жок. Калган байгенин баары бар. Ар бир спортчунун Олимпиададан жеңиш менен кайтуу кыялы бар. Чемпион болгондогу сезим башка. Аны эч нерсе менен салыштыра албайсың. Сен кайра-кайра ошол жеңишти сезиш үчүн кайра күрөшкүң келет”,
– деди балбан айым.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *