УКМКнын айтымында, катты жазган адам мурда 2 жолу соттолгон, өзү аскердик учкуч, афган чек арасындагы аскердик контингенттин курамында, 1994-жылдан тарта КР Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн Ж.А.С. аттуу кыргызстандык экени аныкталды.
Ж.А.С. алгач коркутуу катын электрондук түрдө даярдап, аны флешкага жаздырган. Ал изин жашырыш үчүн катты туруктуу жашаган жери жок Б.М.М. аттуу адам аркылуу УКМКнын кабылдамасына жеткирген. Учурда каттын ээси кармалып, ал колдонгон компьютер, мөөрдүн үлгүлөрү алынып, экспертизалар дайындалды.
Мындан тышкары, Ж.А.С. Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууну көздөгөн чет мамлекеттик атайын кызматтарга тиешеси бар экени аныкталды.