Лейлек районунун эли 65% көмүр менен камсыз болду

Соц.тармактарда бөлүшүү

2024-жылдын 20-ноябрына карата Лейлек районунун калкы 65,5%га көмүр отуну менен камсыздалган.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, көмүр өндүрүүчү кендер ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, айыл аймактарга 1124 тонна көмүр ташылып, арзандатылган баада сатылды.
“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан жалпы 85,6 тонна көмүр, бир кабы 260 сомдон таркатылды.
Мындан сырткары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 152,3 тонна көмүр берилди. Жеке ишкерлер тарабынан 15174 тонна көмүр сатылган. Район аймагында жалпы 18 топ базалары уюштурулган.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *