Баткенде милиция кызматкерлери сыйланды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөдө жана 17-ноябрь Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлери коомдук тартипти сактоодо өз милдеттерин так аткаргандыгы үчүн, ошондой эле коюлган тапшырмаларды өз деңгээлинде ак ниеттүүлүк менен жасагандыгы үчүн сыйланды.
Сыйлоо аземинде Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов өздүк курамга ийгилик каалап, коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлери милдеттерин жигердүү жана күжүрмөн аткаруусун айтып кезектеги наамдарды, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Кыргыз милициясына 100 жыл” медалы, Ардак грамота жана шайлоо комиссиясынын Ардак грамоталарын тапшырды.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *