Зардалы айылы бул ирет шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп чыгарды

Соц.тармактарда бөлүшүү

2024-жылдын 17-ноябры саат 20:00гө карата, Баткен районунун Зардалы айылында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого, шайлоочулардын 83,3% катышып, добуш берди.
Зардалы айылындагы № 8068 шайлоо участкасында катталган жалпы 36 шайлоочунун 30у добуш берди. 6 жаран ички жана тышкы миграцияда болду.
Белгилей кетсек, быйыл 29-сентябрда Президент Садыр Жапаров Зардалы айылына барып, айыл тургундарынын, айылга уюлдук байланыш жеткирүү маселесин колдоого алып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма койгон.
Натыйжада “Мега” компаниясы айылга уюлдук байланыш орнотуп, айыл тургундары Президент менен телефондо сүйлөшкөн.
Эске салсак, буга чейинки шайлоолордо Зардалы айылынын шайлоочуларынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы эң акырында чыгып келген.
Анткени байланыш жоктугунан, кызматкерлер бюллетендерди кошуна айылга алып келип, ал жерден байланышка чыгып, маалымат берип келишкен.
Байланыштын орнотулушу шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө жана убагында жыйынтыктоого шарт түздү.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *