Азирети Муфтий Баткен облусунун тургундары менен жолугушту

Соц.тармактарда бөлүшүү

Азирети муфтий Абдулазиз Кары Закиров баш болгон аалымдар Баткен облусунун тургундары менен жолгушту. Аппаз Жайнаков атындагы облустук драма театрында өткөн “Улут наркы-эл баркы” аталышындагы бул жолугушууда Азирети муфтий Абдулазиз Кары Закиров диний баалуулуктар жана улуттук дөөлөттөр тууралуу таасирдүу баян жасады.
“Мусулман кыргыз болгондон кийин динибизди да, улуттук баалулуктарыбызды да чанбай айкалыштырып, жашообуз керек. Биримдик болгон жерде тынчтык болот, тынчтык болсо өнүгүү болот”- деди Азирети Муфтий.


Азирети Муфтий дин агартуу кербенине Баткен облусунун бардык аймактарынан мамлекеттик кызматкерлер, дин аалымдары, жаштар, аскер адамдары катышты. Жыйында айтылган баяндар таасирдүү, тарбиялык мааниси чоң болгондуктан келгендер залга батпай да калды.


Биримдик, боорукердик, ата-энени урматтоо, жаштарга тарбия берүү багытындагы муфтийдин айткандары коомчулуктун көнүлун бурду.
Баткен шаарында өткөн КМДБ нын “ Улут наркы-эл баркы” аттуу көчмө иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев, район-шаарлардын аким-мэрлери, жана облустун казысы Нуридин ажы Мамасабыров катышып, сөз сүйлөдү.
Президенттин тиешелүү Жарлыктарын аткаруу алкагында уюштурулуп жаткан иш чарада видео тасмалар көрсөтүлүп, театрлаштырылган сахналык көрүнүштөр менен коштолду.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *