Кадамжайда милиция кызматкерлерине шайлоо учурундагы мыйзамдуулук боюнча окутуулар болду

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кадамжайда милиция кызматкерлерине шайлоо учурундагы мыйзамдуулук боюнча окутуулар болду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жыйында   Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Равил Ниязбеков Кадамжай РИИБдин өздүк курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №256 сандуу “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо” жөнүндө жарлыгы менен тааныштырды.
Андай кийин милиция кызматкерлеринин шайлоо мезгилиндеги милдети, шайлоо учурундагы добуш сатып алуулардын алдын алуу, кызматкерлердин шайлоого аралашпоосу жана шайлоого катышкан кандидаттарга үгүт иштерин жүргүзбөө боюнча кенен түшүндүрүлүп, нускамаларды берилди.
Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү учурунда жер-жерлерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так сакталышы эскертилип, мыйзамдарда көрсөтүлгөн беренелер боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, жыйындын соңунда суроо-жооптор орун алды.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *