Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн Мадыген жерлигине бийиктиктен кароо аянтчасы курулду.
Аталган объектке 2млн 700миң сом, республикалык бюджеттен, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомдун эсебинен каржыланды.
Кароо аянтчасы Баткен облусунун 25 жылдыгына 25 объекттин катарында ачылып, пайдаланууга берилди.