Кыргызгидромет туруксуз аба ырайы 18-октябрга чейин созуларын эскертти.
15-16-октябрда өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жамгыр менен шамал болору күтүлүүдө.
17-октябрда Ысык-Көл менен Нарын аймактарынын айрым жерлеринде катуу жамгыр жаап карга айланса, Чүй менен Жалал-Абадда катуу жамгыр күтүлөт. Калган облустарда күн ачык болуп, айрым жерлерге туман түшөт.
16-17-октябрда күн сууктап, үшүк жүрөт:
▪️Чүй облусунда — түнкүсүн +1…+6, күндүз +3…+8
▪️Таласта — түнкүсүн -3 градус сууктан …+2 жылуулука чейин, күндүз +3…+8
▪️Ош, Жалал-Абад жана Баткенде — түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15
▪️Ысык-Көлдө — түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска чейин, күндүз +3…+8
▪️Нарында — түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин, түнкүсүн +2…+7
17-18-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.