Мыйзамсыз текшерүүлөр болсо, ишеним телефонуна чалыңыз

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен шаарында Баткен районунун прокуратурасынын демилгеси менен ишкердик субъекттери менен прокуратуранын, мамлекеттик салык кызматынын, Баткен шаарынын мэринин жана тийиштүү мекемелердин өк ү лдөрүнүн катышуусунда жолугушуу уюштурулду.

Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргенине караганда, жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы 1 сандуу Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2-К сандуу Көрсөтмөсүнүн талаптарын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Жолугушуу учурунда прокуратура кызматкерлери ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу, бул жолугушуунун негизги максаты деп белгиледи.

Андан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө прокуратура кызматкерлери ишкердик жүргүзүүдө укук коргоо органдары жана мамлекеттик салык кызматы тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөргө, тоскоолдуктарга дуушар болсо ишеним телефондорго байланышып, билдирүү жасаса болоору айтылды.

Бул багытта иш-аракеттер улантылууда.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *