Кечээ кечинде Ош шаарында 13 жаштагы кызды уурдап кетишкен. Аны Киа К5 үлгүсүндөгү унаа менен Баткен облусу тарапка алып кетишкен. Кыздын ата-энеси милицияга кайрылып “Перехват” планы жарыяланган. Бул тууралуу облустук жол кайгуул кызматы билдирди.
Унаа Ноокат районан кармалган. Айдоочу 31 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экени аныкталган. Иштин материалдары РИИБге өткөрүлүп берилди.