Куш ысымдуу Лейлектин Ак-Суу айылында Тайир Аширбай аттуу таланттуу акын, чыгармачыл мугалим жашайт. Тайир агай Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. Дээрлик отуз жылдан бери агартуучулук кызматты аркалап келет. Ушул узак убакыттын он үч жылында коңшулаш Кара-Кемер жана Жизген айылдарына жөө каттап иштегендигинин өзү–эмне деген эмгекчилдик! Республикалык “Кутбилим” жана “Кутбилим-Сабак” гезиттеринде жарыяланган эмгектери үчүн беш жолу “Жылдын мыкты автору” деген наамды алууга жетишкен. Айылдык бул акын кыргыз жана өзбек тилдеринде эркин жазат. Билингвист калемгер.Төрт китептин автору.
Тайир Аширбайдын чыгармачылыгына Сүйөркул Тургунбаев, Токтосун Самудинов, Карбалас Бакиров сыяктуу кыргыз эл акындары өжылуу пикирлерин билдиришкен.
Соңку кезде бул көркөм сөз чебери эл аралык деңгээлдеги поэзия сынактарына жигердүү катышып, байгелүү орундарды ээлеп жаткандыгы бизди кубандырат.
Тайир Аширбай жакында коңшулаш Өзбекстандын залкар акыны Мухаммед Юсуфтун 70 жылдыгына арналган “Мухаммед Юсуфтун жолун улантуучулар” конкурсунда биринчи орунду алды.
Ушул айдын башында Казакстандын борбору Астана шаарынан кубанычтуу кабар келди.
Ислам философиясынын негиздөөчүсү, орошон ойчул Абу Насыр Аль-Фарабининин 1155 жылдыгына карата уюштурулган үчүнчү эл аралык “Адабий Азия” кароо-сынагында Тайир Аширбай экинчи орунду ээледи.
Лейлектик акын 2022–2023-жылдарда биринчи жана экинчи эл аралык “Адабий Азия” конкурсунда удаасы менен эки ирет биринчи орунду багындырды.
Дүйнөлүк адабият айдыңындагы беделдүү жарыштын үч жолку жеңүүчүсү болгон акын инибизге бекем ден соолук, бийик чыгармачылык чабыт каалайбыз.
Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатып, арабызда чогуу жүргөн адабият баатырына “Лейлек районунун ардактуу атуулу” деген наамды берип койсок, алтын шакекке көз салгандай сонун соопчулуктун жаратманы болобуз.
Адылбек Акматов