Кылкандуу дан эгиндерин жыйноо аяктады  

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облусунун аймагында дан азыктарына болгон азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, штаб түзүлүп, графиктин негизинде кылкандуу дан өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо жумуштары жүргүзүлдү. Азыркы күндө Баткен облусу боюнча кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери 100% аяктады. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Батма Имаралиева кабарлады.

Анын айтымында бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери 100% аяктады. Башкача айтканда жалпы 26683 га кылкандуу дан эгиндери орулуп алынды. Анын 4915 гектары суулуу буудай, 9269 гектары кайрак буудай, 934 гектар суулуу арпа жана 11565 га кайрак арпа.

«Орточо түшүмдүүлүк гектарына 12,7 центнерди түзүп, жалпы дүң жыйым 33789 тоннаны түздү. Быйылкы жылы аба ырайынын жаанчыл болгондугуна байланыштуу сугат суудан көйгөй болгон жок. Ошол себептен өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк жогору болду. Ошондой эле дыйкандарды сапаттуу үрөн, күйүүчү майлар менен камсыздоого да өзгөчө маани берилди.

Ал эми дан жыйноочу комбайндардан жана дизелдик отундан да маселе жаралган жок. Оруп-жыйноо өнөктүгүнө жана жазгы талаа жумуштарына мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу дыйкандарга арзандатылган баада литри 65,0 сомдон болгон дизелдик отун берилүүдө. Учурда күздүк эгүүгө даярдык иштери жүрүп жатат», – дейт Батма Имаралиева.

 

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *