Бүгүн, 11-сентябрда президент Садыр Жапаров Париждеги Олимпиада оюндарында кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болуп, жардам көрсөткөн өзбекстандык машыктуруучу Акмал Хасанов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызмат билдирди.
Маалым болгондой өлкө башчы унааны Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ыраазычылык иретинде белек кылды.
Президент Париждеги ошол колдоо Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын белгиледи.
“Дүйнө жүзү Борбор Азия элдеринин ынтымагына, достугуна, бири-бирине жан тартып турарына күбө болду.
Спортту тынчтыктын элчиси деп аташат. Силер ушундай кадамыңар менен өз ара ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп келесиңер. Мындан ары дагы ынтымагыңар бекем болсун”, — деди Жапаров.
Хасанов да мындай мамилеге ыраазылыгын билдирип, Мунарбек менен спорттук даярданууларда көп жолу жолукканын жана анын секунданты болууга ойлонбостон макул болгонун айтып берген.