Курулушка бөлүнгөн 50млн сом, республикалык бюджеттен Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен каржыланууда.
Учурда маданий борбордун экинчи кабаты курулуп жатат. Имарат пайдаланууга берилсе, китепкана, музей, музыкалык мектеп жана маданий борбордун кызматкерлери жайгаштырылат. Маданий иш чараларды өткөрүү үчүн 230 орундуу чоң залы болот.
Имарат жыл соңуна пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.



Белгилей кетсек, шаардык маданият бөлүмүнө караштуу шаардык тарых музейинин, маданият бөлүмүнүн административдик имараттары, борборлоштурулган китепкананын, балдар искусство мектебинин имараттары 1936-жылдары курулуп, азыркы убакта эскилиги жетип, авариялык абалга келген. Мындан улам эски имараттар бузулуп, ордуна жаңы маданий борбордун курулушу башталган.
Музейде шаардын 155 жылдык тарыхын чагылдырган 2200дөн ашуун экспонаттар, тарыхый материалдар, фото сүрөттөр сакталуу.
Борбордук китепкананын китеп фонду 45 миңден ашуун.
Балдар искусство мектебинде 125 окуучу музыкалык билим алып тарбияланып келет.


