Ысык-Көлдө Чок-Тал айылынын 35 жаштагы тургуну каза болду.

Соц.тармактарда бөлүшүү

Чок-Талда скутер тээп бараткан жергиликтүү тургун сууга чөгүп каза тапканын жергиликтүү ЖМКлар жазууда

Каргаша 31-июлда болгонун Ысык-Көл облустук милициясынан тастыкташты.

Тартип сакчыларга медиктер оор абалдагы 35 жаштагы киши аймактык ооруканага түшкөнүн кабарлашкан. Ал көлдүн Чок-Талдагы жээгинде сууга чөгүп, бейтапканага жеткирилген. Тилекке каршы, жергиликтүү тургун ошол эле күнү кечкисин каза болуп калган.

Бул факт боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *