Баткенде 109 миңден ашуун адам таза суу менен камсыздалат.

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткендин 28 айылына таза суу тартуу долбоору өз ишин баштады
Облустун айылдарын таза суу менен камсыздоо маселелерин чечүү максатында, Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен Баткен облусунун 28 айылына таза суу тартуу долбоору башталды. Долбоорду АРИС уюму ишке ашырат.
Бул багытта бүгүн, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасына ылайык, орун басары Тимур Мадяров, Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары, АРИС уюмунун жана курулуш ишканаларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.
Тимур Мадяров, таза суу обьекттеринин долбоордук сметалык иш кагаздарын бүтүрө элек жетекчилерге кыска аралыкта бүткөрүүнү жана суунун сапатынын лабороториялык анализдерин чыгарууну тапшырды.
Ошондой эле ар бир айыл өкмөтүндө тез арада техникалык көзөмөл топторун түзүүнү милдеттендирди.
Техникалык көзөмөл топтун курамындагы кызматкерлер, алдыда айыл аймактарда түзүлүүчү муниципалдык ишканаларда иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү жана жөндөмү бар кызматкерлер болуусун талап кылды.
Аны менен катар муниципалдык ишканаларды санариптештирүү керектигин эскертти.
Долбоордун жалпы баасы 48 млн АКШ долларын түзөт. Белгилей кетсек, долбоорго Ысык-Көл облусунан да үч айыл кирген. Каражаттын 50 пайызы үстөгү жок насыя, 50 пайызы грант.
Долбоор 2024-2028-жылдар аралыгында бүткөрүү пландалган. Жыйынтыгында 109 миңден ашуун адам таза суу менен камсыздалат.
Тагыраагы Баткен районунун Чек, Жаны-Жер, Кайынды, Кан, Сары-Талаа, Aпкан, Айгүл-Таш, Кара-Булак, Ак-Өтөк, Ак-Турпак, Зар-Таш, Чоң-Гара, Чоң-Талаа айылдары,
Лейлек районунун Баул, Катраң, Булак-Башы, Сабыров, Айбике, Мурас айылдары,
Кадамжай районунун Өтүкчү, Кызыл-Коргон, Токой, Чогорок, Ак-Турпак, Калача, Чоң-Кара, Советское айылдарынын эли ичүүчү суу менен камсыз болот.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *