Төрт -Гүл айыл аймагында айыл өкмөттөр арасында түзүлгөн 5 командалардын катышуусунда спорттун волейбол түрү боюнча спорттук мелдеш болуп өттү. Негизги максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин “2021-жылдын 29-январындагы ПЖ № 1 Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык жаштарды спортко үндөө жана сергек жашоого болгон көз карашын өзгөртүү максатында уюштурулду.
Айыл өкмөт башчысы Маканов Данияр Галбаевич спорттук иш-чаранын катышуучуларына каалоо-тилектерин билдирип, өз сөзүндө бул иш чара айылдык жаштардын ынтымакчылыгын, биримдигин, достугун даңазалаган иш чара болуп өткөнүн баса белгилеп кетти.
Мелдеш кызуу башталып жыйынтыгында жалпысынын 5 команда катышып, оюн жогорку денгээлде өттү.
1-орунду Төрт -Гүл айыл өкмөтү
2-орунду Кыштут айыл өкмөтү
3-орунду Кара-Бак айыл өкмөтү командалары камсыз кылышып,l,ll,lll даражадагы диплом жана
“Мыкты оюнчу” жана “Мыкты дарбазачы” номинацияларына да акчалай сыйлыктар, дипломдор ыйгарылды.