Сугат сууну коромжусуз пайдалануу аракети

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облусундагы сугат суу таңкыстыгы бар аймактарда, сууну коромжусуз пайдалануу үчүн Өзбекстандык ишкер тарабынан жаңы продукция сунушталды (Рулонный бетон). Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.
Маалыматына ылайык аталган  продукцияны ишкер алгач сыноо иретинде Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн тургундарына көрсөттү. Негизинен материалды ички арыктарга орнотсо болот, тагыраагы латоктордун ордуна сунушталат.
Натыйжада суу жоготууга учурабайт.
Материалды эч кандай техниканын жардамысыз эле 4 киши бир күндө бир чакырымдай жерге төшөй алат. Бүгүнкү күндөгү баасы кыргыз сомуна метр квадраты 350 сом.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев ишкер менен жолугуп, анын бул аракетин жер-жерлерге жеткирүү жана чек ара айылдарында жумуш орундарын түзүү максатында Өзбекстандык ишкер менен келишим түзүп Баткен районуна аталган продукцияны чыгаруучу заводду куруу демилгесин айтты.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *