Бүгүн, 2024-жылдын 10-июлунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барып, боору трансплантацияланган эки бейтаптын абалы менен таанышты. Консилиум жана бардык керектүү текшерүүлөрдөн кийин эки бейтап тең канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык бейтаптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана бул операцияга катышкан бардык медицина кызматкерлерине өздөрүнүн кесипкөйлүгү жана берилгендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.
«Биз Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалганы, өзгөчө бул операциялар биздин жарандар үчүн бекер болгону менен сыймыктанабыз. Бул биздин медицинанын тарыхындагы орчундуу окуя жана ал Президент Садыр Жапаровдун колдоосунун жана кыргыз-түрк адистеринин биргелешкен аракетинин аркасында мүмкүн болду. Биз ар бир жараныбызга жогорку деңгээлдеги тиешелүү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн өлкөбүздөгү медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча иштерди уланта беребиз», – деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри. Алымкадыр Бейшеналиев.




