Лейлек: “Талаа семинары” семинары болуп өттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

9-июльда  Лейлек кайрак мамлекеттик сорт сыноо участкасында “Талаа күндөрү” семинары болуп өттү. Бул тууралуу Лейлектик журналист Бүүрайма Худайбердиева маалымат таратты.
Маалыматка ылайык  иш чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канымет Осмонбеков, райондук агрардык башкармалыгынын башчысы Кубатбек Сулайманов, Раззаков шаарынын мэри Чынгыз Рысов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жер адистери, айыл чарба кооперативдеринин жана үрөн чарбачылык ишканаларынын жетекчилери катышты.
Мындай өнөктүк коңшулаш мамлекеттерден жана чет өлкөлөрдөн алынып келинген кылкандуу дан эгиндерин сыноодон өткөрүү максатында уюштурулган.
Лейлек кайрак мамлекеттик сорт сыноо участкасы 2024-жылдын түшүмү үчүн күздүк буудайдын 40 сортун, күздүк арпанын 10 сортун, жаздык буудайдын 10 сортун, жаздык арпанын 15 сортун сыноодон өткөрүштү. Эгилген эгиндердин бүгүнкү күндөгү акыбалы өтө жакшы деп бааланууда.
Лейлек кайрак мамлекеттик сорт сыноо участкасынын башчысы Жавлон Туйчиевдин айтымында өндүрүш жана үрөн даярдоо максатында төмөнкүдөй сорттор эгилген. Интенсивный сортундагы Элита буудайдан 4 гектар, Богарная-56 сортундагы буудайдан 1 гектар, Карасай сортундагы буудайдан 1 гектар жана 2 гектар жерге Ярик сортундагы жаздык тритикале эгилди. Андан сырткары кайрак жерге туруштук бере турган арпанын 6 түрү 56 гектар жерге эгилген. Азык сортунан 8 га., Аргуль сортунан 3,5 га., Нутанс-89 сортунан 4,5 га., Байчечекей сортунан 6 га., Мамлюк сортунан 4 га., Владлен сортунан 1 га. жана Элита Ростик сортунан 28 га. жерге эгилди. ал эми сулунун Яков сортунан 2 кобөйтүү үчүн 2 га.жерге эгилди. Жердин агротехникалык эрежелерин сактоо максатында 16 га. жерге Узгенский сортундагы беде үрөнү эгилген. Парга (аниз) айдоого 9 га. жер калтырылган.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *