Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-июлдан 12-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.