Мамлекеттик кызматкерлер арасында спорттук мелдеш өттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

23-июнь мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата облустук мелдеш Сүлүктү шаарында өттү.
Иш чаранын салтанаттуу бөлүгүнө КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, район-шаар башчылары катышты.
Облус башчысы кызматкерлерди кесиптик майрамдары менен куттуктап, мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүн,элинин бакубат жашоосун камсыз кылууда, мамлекеттик кызматкерлердин ролу өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, спорттук мелдеш кызматкерлерди жаңыча ойлонуп иштөөгө шыктандырган, достукту, ынтымакты чыңдаган мелдеш болуусуна тилектештигин билдирди.
Мелдештин салтанаттуу бөлүгүндө, ишинде өзгөчөлөнгөн бир катар мамлекеттик кызматкерлер сыйлыктарга татыды.
Иш чара спорттун волейбол, футбол, аркан тартыш, таяк тартыш, таш көтөрүү түрлөрү боюнча өттү.
Мелдешке КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, райондук мамлекеттик администрация жана шаар мэрияларынын кызматкерлеринен турган аялдар жана эркектер командалары катышты.
Жыйынтыгында төмөнкү командалар байгелүү орундарга болушту.
Волейбол боюнча эркектер арасында мелдеште
1-орун Баткен шаардык мэриясы
2-орун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы
3-орун КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты ээледи.
Волейбол боюнча кыздар командаларынан
1-орун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы
2-орунду Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы
3-орунду Сүлүктү шаардык мэриясы ээледи.
Футбол боюнча эркектер мелдешинде
1-орунду Баткен шаардык мэриясы
2-орунду Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы
3-орунду КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
Аркан тартыш боюнча эркектер арасында
1-орун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы
2-орунду КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
3-орун Баткен шаардык мэриясы
Аркан тартыш боюнча кыздар арасында
1-орунду КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
2-орунду Кызыл-Кыя шаардык мэриясы
3-орунду Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы ээледи.
Жеңүүчү командалар жана мыкты оюнчулар кубок менен диплом,акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *