Министрлик 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими жөнүндөгү күбөлүктөр 28-июнь саат 9:00дө, 11-классты аяктап жаткандарга аттестаттар саат 11де берилерин айтты.
Быйыл 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү документти кагаз түрүндө да, электрондук түрдө да алышат.