Эске салсак, кечээ Кара-Балтада жүрөк ооруткан окуя катталган. Анда 11 киши менен автоунаа көлмөгө түшүп кетип, беш адам чыгып, алты бала чөгүп кеткен.
Чүй облустук милициясы автоунаа башкарган киши “сууга түшүүгө болбойт” деген эскертүүгө карабай сууга түшүп, машинаны мас болуп айдап, натыйжада балдар өлгөнүн айтты.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренеси боюнча иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө жүрүп жатат.
Иш ИИМ менен Чүй ОИИББдин жетекчилиги тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган.