Чүйдө алты бала сууга чөгүп кетти

Соц.тармактарда бөлүшүү

Окуя 20-июнда кечке жуук Жайыл районундагы Алтын айылында жайгашкан көлмөдө болгон.

Милициянын маалыматында, Volkswagen Jetta унаасынын 40 жаштагы айдоочусу Г.Т., 26 жаштагы аялы, алардын 7, 6, 4 жаштагы жана быйыл төрөлгөн балдары, ошондой эле 27 жаштагы балдызы жана анын 9, 7, 6 жана 5 жаштагы балдары менен сууга түшүүгө келишкен. Унаада жалпы 11 киши болгон.

“Ошол жерден Г.Т. спирт ичимдигип ичип, мас абалында унаасын буруп жатып дөңсөөдөн оодарылып, ичиндегилер менен менен сууга түшүп кеткен. Машинанын ичинен айдоочу, жубайы, экөөнүн жаңы төрөлгөн баласы, балдызы жана анын 7 жаштагы кызы чыгып кетүүгө үлгүргөн. Калгандары чөгүп кеткен”, — деп жазылган маалыматта.

Сууга чөккөн алты баланын сөөгү чыгарылып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Айдоочуга кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *