Баткен шаарындагы облус аймагындагы ИИОнун кызматкерлери жана ардагерлери катышкан спорттук оюндар жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталып сыйлыктарга ээ болду.
Кичи футбол боюнча 1-орунду Баткен ШИИБү, 2-орунду Сүлүктү ШИИБү ал эми 3-орунду Баткен ОИИБдин курама командасы ээледи.
Аркан тартыш боюнча 1-орунду Баткен ОИИБы, 2-орунду Лейлек РИИБү,3-орунду Кадамжай РИИБи камсыз кылды.
Мындан сырткары эң мыкты дарбазачы, эң мыкты коргоочу жана эң мыкты чабуулчу деген номинациялардын ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.