Жергиликтүү тургундардын маалыматтарына таянсак, тоолордо быйыл жырткыч карышкырлардын көбөйүп жатканы байкалат. Айрыкча чөө бөрүлөр балдарда,колоттордо байыр алышып, жан жаныбарларга кол салган учурлар бар. Алар маал маалы менен мергендер тарабынан жок кылынбаса, тез көбөйүүчү карышкырлар менен чөө бөрүлөрү адамга да кол салышы мүмкүн.
Кечээ эле күндүздүн күнү жойлоп жүргөн бир карышкыр Лейлек районунундагы Катраң айлынын тургуну Абдыразак Салимов тарабынан атылып, мергенчилик боюнча инспекциясына өткөрүлүп, берилди.