Максат Асаналиев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалды

Соц.тармактарда бөлүшүү

2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Максат Асаналиев Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалды.

Жаңы Башкы прокурорду көзөмөлдөөчү органдын эмгек жамаатына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаров тааныштырды.

А.У. Жапаров Президентибиздин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын Максат Асаналиевдин укук коргоо органдарында басып өткөн эмгек жолун, кесипкөйлүгүн, анын ичинде прокуратура системасындагы көп жылдык тажрыйбасын жана ишиндеги жетишкендиктерин эске алып, аны дайындоо менен республиканын башкы көзөмөл ведомствосунун мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы иши мындан ары да күчөтүлөт деген ишенимдерин билдирди.

Өз кезегинде, Максат Асаналиев ага ишеним көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңешине жана Президенттин Администрациясынын башчысына ыраазычылыгын айтып, мыйзамдын үстөмдүгүн, инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын камсыз кылуу милдеттерин аткарууга бардык аракетин жумшаарын билдирди.

 

 

 

 

 

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *