Баткенде бүгүн, 6-июнда диний экстремизмдин алдын алуу боюнча атайын жыйын өттү.
Баткен облустук УКМК сы тарабынан уюштурулган бул жыйынга Баткен районунун акиминин орун басары Таалайбек Ибраимов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов, Баткен районунун баш имам хатиби Сайдахмад ажы Аппазов , укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, айылдык мечиттердин имамдары, мектеп директорлору жана айыл башчылары катышты.

Иш-чарада коомдук коопсуздуктун алдын алуу, диний экстремизмге жол бербөө, жаштарга, мектеп окуучуларына туура тарбия берүү жана кыргыз жарандарынын биримдигин өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды.
Диний экстремизмдин жана коомдук коопсуздуктун алдын алуу, кыргыз жарандарынын биримдигин чыңдоо максатында өткөн иш-чарада Баткен районунун баш имам хатиби Сайдахмад ажы Аппазов ислам дининин тазалыгы жөнүндө сөз сүйлөдү.
Ал эми өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуудагы кыргыз жараны кандай болуш керек?-деген кеңири маалыматты “Баткен таңы” облустук гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов айтып берди.
Жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов мектеп окуучуларына ар тараптуу тарбия берүүдө дин аалымдарынын, ата-энелердин жана мугалимдердин коомдогу орду жана аракети жөнүндө айтып өттү.
Жыйын суроо-жооптор менен уланып, Сузактагы өспүрүм кыздардын адашып, башка диний агымдардарга өтүп кеткендиги боюнча да ой-пикирлер айтылды.













