Баткен шаарында 15 млн 400 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен областынын прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын мэриясында жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, Баткен шаарынын С.Сыдыков көчөсүндө жайгашкан 0,11 га жер тилкесине соттук чечимдер чыгып, бирок тиешелүү кызмат адамдары тарабынан аталган жер тилкесине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документтер алынбай, муниципалдык менчикке өткөрүлбөй келгендиги аныкталды.

Аталган мыйзам бузуучулуктарга карата Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын мэринин наамына ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө талап келтирилип, жыйынтыгында 15 млн 400 миң сомго бааланган, жалпы аянты 0,11 га жер тилкеси Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алынды.

oppo_0

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *