“Баткен” бажысында 2024-жылдын 4 айындагы жалпы бажы төлөмдөрдөн түшкөн киреше 177 млн. 026,2 миң сомду түздү.
2024 – жылдын 4 айында бажы алымдары жана коштоп жүрүү жыйымынан сырткары 2023 – жылдын 4 айына салыштырмалуу 45 млн. 980,5 миң сомго аз түшкөн, өсүү темпи 78,4% пайыз. Ал эми 2023 – жылдын 4 айында бажы алымдары жана коштоп жүрүү жыйымынан сырткары 213 млн. 065,26 миң сомду түзгөн.
2024-жылдын 4 айында Республикалык бюджетке бажы алымдары жана коштоп жүрүү жыйымынан сырткары 167 млн. 084,8 миң сом акча каражаты которулган, берилген пландык тапшырма 105,7% пайызга аткарылган.
“Баткен” бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрѳшүү бѳлүмүнүн бажылык териштирүү секторунун 2024-жылдын 4 ай ичинде аткарылган жумуштары жөнүндө маалымат
“Баткен” бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрѳшүү бѳлүмү жана бажылык теришитрүү сектору тарабынан отчеттук мезгил ичинде жалпы 122 бажы эреже бузуу фактылары катталган.
Ал эми анын ичинен 66 фактысы боюнча бажылык жѳнгѳ салуу чѳйрѳсүндѳгү башкаруу тартибине каршы укук бузуу иштери каралып, алардын ичинен:
– 62 укук бузуулар жеке жактарга;
– 4 юридикалык жактарга.
Каралган укук бузуу иштери боюнча 1 724 500 сом айып пул салынып, 1 478 000 сом өндүрүлдү.
Укук бузуу иштери боюнча жалпысынан 731 352 сом ѳлчѳмүндѳгү тиешелүү бажылык тѳлѳмдѳр төлөнгөн.
Андан сырткары 56 факты боюнча “Баткен” бажысынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине материалдары катталып тергөөнүн караштуулугу боюнча Баткен областынын прокуратурасына өткөрүлүп берилген .
4 ай ичинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндөгү кодексинин 373-беренесинин 2-бөлүгү менен каралган 2 факт иштер боюнча 591 314 сом ѳлчѳмүндѳгү тиешелүү бажы төлөмдөрү төлөндү.
Ал эми 4 ай ичинде укук бузуулар иштери менен кылмыш иштери боюнча жалпы кармалган жүктөрдүн базар баасы 20 986 747 сомду түзгөн.