22-майда Базар-Башы аймагында жаңы ФАПтын имаратынын курулушуна капсула салынды.
Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргиндей капсула салуу аземине КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, мэрдин орун басары Акылбек Орозов, Бүткүл Дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын жетекчиси Мухаммед Маады, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай Шергазиев жана башкалар катышты.
Социалдык объекттердин курулушу “Дүйнөлүк мусулман жаштарынын ассамблеясы” уюму тарабынан ишке ашырылууда.
Ар-Рызван борборунда 140 орундуу балдар бакчасы, ФАП, дарыкана жана мечит курулат.