Эрлан Шеров дүйнө чемпионатынан уткан колосу менен Париж Олимпиадасына жолдомо алды
Чемпионат БАЭнин Абу-Даби шаарында өткөн. Анда дзюдочу 90 кг чейинки салмакта мелдешкен.
Коло медалы менен Эрлан Шеров кыргыз дзюдо тарыхындагы дүйнө чемпионатынан байге уткан алгачкы дзюдочу болду.
Буга чейин Олимпиадага лицензияны Кыргызстандын спортчулары күрөштүн түрлөрү боюнча, сууда сүзүү жана жеңил атлетикадан алышкан.