22-майда Баткен шаарындагы В.И.Ленин, Ж.Бөкөнбаев, Кызыл-Кыя шаарындагы Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2 орто мектептеринде жана Кадамжай районундагы Б.Айтматов атындагы №5 гимназия мектебинде Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) өткөрүлүп жатат. Бул тестирлөө 24-майга чейин уланат. Бул тууралуу Баткен облустук усулдук борборунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталган.
Бул тууралуу министрликтин “Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү жөнүндө” №693\1 буйругу бекилген. Анда жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшыра турган абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан тарта башталары айтылган.
«2023-2024-окуу жылында жалпысынан 11-классты аяктап жаткан 5048 бүтүрүүчүнүн ичинен 3556сы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өтүшкөн. Бул жалпы бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 77,1 пайызын камтыйт.
буга чейин облус аймагында 2024-жылдын 18-20-май күндөрү Лейлек районундагы Исфана, А.Навои, Ю.Гагарин атындагы орто, Кадамжай районундагы Б.Айтматов атындагы №5 гимназия, А.Масалиев атындагы №17 орто мектептеринде өткөрүлгөн болчу», – деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, 18-майдан 25-июнга чейин ЖРТны өткөрүү мезгили деп белгиленип,
I этап – 18, 19, 20-майда; II этап – 22, 23, 24-майда; III этап – жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21, 22, 23-июнда болору айтылган. Мындан улам 23-июнда ЖРТнын үчүнчү этабы жыйынтыкталат. Ал эми 17-май, 21-май, 20-июнда тест борборлору даярдалат. Бул күндөрү каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт.
