БАТКЕНДЕ ЧЕК АРАЧЫ АПАГА ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУУ СУНУШТАЛУУДА

Соц.тармактарда бөлүшүү

Тажик жарандары 1 гектар өрүк багына 1 миллион сомдон ашык акча сунуштап: «Карыдыңыз, эми жерди бизге сатыңыз», – дегенине карабай, өмүрүнүн акырына чейин чек арада жашаган Урулкан апа. «Урулкан апа 2016-жылы көзү өттү. Бирок апанын чек арадагы чеп болуп турган мекенчилдиги жалпы элибизге өрнөк болуп калды» деп жазган Акбалык Жумалиева өзүнун фейсбук баракчасына. Андан кийин көптөгөн окурмандар бул эненин баатырдыгына суктанышып, дал ошол мурдагы суу бою Кара-Бак азыркы Достук айылындагы дөңсөөгө эненин эстелигин тургузууну сунушташууда.

 

Буга чейин атасы өстүргөн 10 сотыхка жетпеген өрүк бактарын тажик жарандарына аяк бастырбай, коргоп келген.

Эске сала кетсек, Урулка эненин атасы дал ошол коңшу тажик айылдарында кадырлуу аалым киши болгон. Коңшулар Урулка энени сыйлап, күн сайын өрүк бактарын коруп жүргөн учурунда чайын берип, сый көрсөтүп турушкан. Күндөрдүн биринде тажик жарандары, «Карыдыңыз апа, сизге бир миллион сом берели, атаңыздан калган өрүк багыңызды бизге сатыңыз» деп келишет. Алардын сунушун четке кагып, карыганда мени «ата жайын сатыптыр деген жаман атка кондурасыңарбы» деп көнбөй койгон.

Урулка апанын уул-кыздары дагы «карыдыңыз эми тажиктердин айылдарын аралап өтүп, бак кайтарганыңызды коюңуз» дегенине карабай өмүрүнүн аягына чейин чек арага чеп болуп келди.

Суу бою Кара-Бак же азыркы Достук айылы үч тарабынан тажик айылдары менен курчалып турат. 2022-жылдын сентябрдагы чек ара жаңжалында аталган айыл толугу менен талкаланып, үйлөр өрттөнүп кеткен. Бирок бул жердеги жергиликтүү тургундардын, чек арачы жоокерлердин өзгөчө Урулка энедей эрдик көрсөткөн, өз мекенин сүйгөн баатыр элдин мекенчилдиги менен Достук айылы кайрадан жаңыланып, шаарчага айланды.

Кар кетип, из жоголгону менен эрдиктер эч качан унутулбайт! Мекенчилдиктин, баатырдыктын чыныгы үлгүсү болгон чек арачы Урулка эненинин эстелигин Достук айылындагы дөңсөөгө тургузуп коюу туура сунуш!

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *