2024-жылдын 19-майында, Баткен облусунан барган атайын делегация Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында өткөн, 63-Эл аралык гүл фестивалынын ачылуу салтанатына катышып келди. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык Улуу Жибек жолунун боюндагы туристтик жамааттарды чындоого багытталган иш чара, беш жылдан бери Эл аралык деңгээлде уюштурулуп, дүйнөнүн 50дөн ашык мамлекетинен коноктор чакырылат.


Салтанаттуу иш чара гүл оронгон автоунаалардын парады жана белгилүү өзбек эстрадасынын жылдыздарынын концерти менен көркүнө чыкты.
40 күнгө созулган гүл майрамында шаардагы 300дөн ашуун гүл өстүрүүчүлөрдүн эмгектери тартууланат.
Шаарда гүлдүн 500дөн ашуун түрү өстүрүлөт.
Намангандыктар жыл сайын гүл майрамына келген туристтердин саны өсүп жатканын белгилешет.