Кутман таң, окурманым!
Бүгүнкү күнүңүз жакшы жаңылыктарга бай күн болсун! Адаттагыдай сиздерге таң эрте аба ырайы тууралуу маалымат беребиз.
21-майда Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23,
Талас өрөөнүндө +17…+22
Нарын облусунда +20…+25
Бишкекте +22…+25
Ош, Жалал-Абад аймактарында +21…+26
Ал эми Баткен жергесинде +21…+26 градус жылуу болот!