Баткенде адам сатууга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Баткен областында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой  аталган кеңеш 2017-жылдан баштап иштеп келет. 27 кызматкерден турган кеңеште жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, билим берүү, ички иштер, дин жана социалдык кызматкерлер, журналисттер бар.
Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковдун жетекчилиги астында өткөн отурумда, Кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча» токтомунун аткарылышы боюнча тийиштүү маселелерди ортого салышты. Ошондой эле төмөнкүдөй тапшырмалар коюлду;
-Эл арасында чет өлкөлөргө иштегени баруучу жарандарга, өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин билүүсү үчүн түшүндүрүү иш-чараларын алып баруу
-Студенттер, мектеп окуучуларына коопсуз миграция жана адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча маалымат кампаниясын жүргүзүү
-30-июнь бүткүл дүйнөлүк адамдарды сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата иш чараларды өткөрүү
-Массалык маалымат каражаттарында адам сатуунун алдын алууга багытталган берүүлөрдү даярдоо тапшырылды.
Белгилей кетсек, адам сатууга каршы күрөшүү боюнча облус аймагында тииштүү иш чараларды жүргүзүү боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын буйругу чыккан.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *