Сүлүктүдө III илимий-тажрыйбалык конференция өттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Сүлүктү шаарында Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, БатМУнун А.А.Машрабов атындагы СГЭИнин профессору, т.и.к. Абдукаюм Курбоновдун 60 жылдык юбилейине карата студенттердин III илимий-тажрыйбалык конференциясы өтүүдө. Бул тууралуу БатМУнун ректору экономика илимдеринин доктору, профессор Айдарбек Гыязов билдирди.

Анын айтымында, “Аймактарды өнүктүрүүдө жаштардын орду: көйгөйлөр жана ойлор” аталышында өтүп жаткан бул конференция “Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык-укуктук абалы” долбоорунун алкагында уюштурулган.

Иш чарага БатМУнун ректору Айдарбек Гыязов баштаган өкүлдөр катышып, конференциянын катышуучуларына ийгилик каалашты.
Алгач келген коноктор улуттук каада-салт, улуттук оюндар, тамак-аштар, тарыхый буюмдар коюлган, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү менен танышып чыгышты.
Конференцияга БатМУнун окуу түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жана Бишкек, Ош шаарларындагы ЖОЖдун студенттеринен 121 макала келип түшүп, 6 секцияга бөлүнгөн.
«Бул күнү БатМУнун А.Машрабов атындагы СГЭИде 26 жылдан бери үзүрлү ү эмгектенип келген Курбонов Абдукаюм Давлатовичтин 60 жылдык мааракеси да өтүп жатат. Конференциянын катышуучулары агайдын юбилейлик мааракеси менен куттукташып, жакшы-каалоо-тилектерин билдиришти. Агайдын 60 жылдык юбилейи менен дагы бир жолу куттуктайбыз.

Иш чаранын жүрүшүндө конференциянын темасына байланышкан баяндамалар окулду.
Дагы бир жагымдуу жаңылык СГЭИнин бүтүрүүчүсү, БатМУнун борборлоштурулган эсепканасынын башкы эсепчиси Алиханов Акылбек Абдиллаевичге экономика илимдеринин кандидаты наамы ыйгарылып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу УАКтын диплому салтанаттуу тапшырылды», дейт аталган окуу жайдын ректору А.Гыязов.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *