Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн тарта бүгүнкү күнгө чейин 2,7 млн киши айдоочулук күбөлүк алган
Алардын 84,1%ын эркектер, 15,89%ын айымдар түзөрүн “Унаа” ишканасы билдирди.
Ведомство жыл сайын автомектептерде окуган айымдардын саны өсүп жатканын белгиледи. Өткөн жылы 25,3 миң кыз-келин айдоочулук күбөлүк алган. Ал эми быйыл 1-январдан 24-апрелге чейин 7777 аял сынактан өтүп, айдоо укугуна ээ болду.