Баткенде Таян-Сай автожолу курулат

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин 1-орун басары Талантбек Солтобаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, жол чарба департаментинин Баткен аймактык №7 бөлүмүнүн башчысы Икрам Акматов, Баткен токой чарбасынын башчысы Бактияр Козубаев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев, Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы Аширали Эркебаевдер Баткен районундагы Айгүл-Тоо, Айгүл Таш – Согмент автожолунун жана Таян-Сай жолунун абалдарын жеринде барып, кабар алып келишти. Бул тууралуу  Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билидирди.
Жыйынтыгында Айгүл-Тоо коругун өнүктүрүү, коргоо жана туристтердин келүүсүнө шарт түзүү үчүн Айгүл-Таш тоосуна баруучу жолду жана автоунаалар токтоочу жай үчүн каралган жер аянтчасын асфальттоо, Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагындагы жалпы узундугу 12 чакырымды түзгөн Таян-Сай автожолун куруу жагы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жардамы менен ишке ашуусу мерчемделүүдө.
Белгилей кетсек буга чейин Айгүл-Тоого баруучу жол жана Таян-Сай автожолунун топосьемка жумуштары жасалып, райондук деңгээлде жолго тиешелүү болгон документ иштери жүргүзүлүп жаткан.
Буюрса аталган автожолдор курулуп бүткөрүлсө, Айгүл-Тоого келген туристтердин саны арбып, айыл тургундарына жакшы шарттар түзүлөт.
Сай айылына көз карандысыз жол ачылып, элдин каттамы
жакшы жолго коюлат. Таян-Сай жолунун курулушу бүтүшү менен Баткен, Лейлек райондорунун, Кадамжай районунун Айдаркен шаары Бирлик айыл өкмөтүнүн тургундары тоскоолдуксуз каттамда каттап калышат.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *