Баткен облусунун түзүлгөндүгүнө быйыл 25 жыл толот. Өлкөнүн чек ара бүтүндүгүн сактоо сактоодо өзгөчө орду бар аймактагы жаш административдик аймакты жаңыдан түптөө жеңил болгон эмес. Чыныгы мекенчил, ар тараптан төп келишкен тажрыйбалуу мыкты инсандардын эмгектери менен түзүлгөн облус жана анын каармандары жөнүндө биз мындан ары гезитибизде байма-бай берип турабыз. Биздин бүгүнкү каарманыбыз облус түзүлгөндөн бери бир тармакта иштеп келе жаткан, мыкты жетекчи Гапаров Калтөрө Кайымович болмокчу.
Калтөрө Кайымович мамлекеттик кызматтарда эле эмес, жашоо турмушта дагы башкаларга өрнөк болуп жашаган инсан. Баткен облусунун эң алыскы тоолуу айылдардын бири Раватта төрөлүп, Баткенден билим алып, 8 перзентти жубайы экөлөп, (бирөөсү эгиздер уулдар) татыктуу тарбиялап, билим беришти. Учурда Калтөрө Кайымовичтин эки кызы Германиядан жогорку окуу жайда билим алуусуну аяктап турушса, эгиз уулдары Америка Кошмо Штатында билим алып жатышат.
Көп сүйлөбөгөн, берген убадасына так жана өз ишин мыкты билген Калтъръ Кайымович Кыргыз Республикасынын транспорт тармагына Эмгек сиңирген кызматкер.