Бишкекте адам органдарын мыйзамсыз сатып жүргөн трансулуттук топтун мүчөлөрү кармалды
УКМКнын маалыматы боюнча, кылмыштуу каналды К.А.К. аттуу аял уюштуруп, чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштырууга муктаж бейтаптарды тапчу. Ал органды 80 миң долларга чейин баалаган. Андан соң З.Р.З. аттуу адам менен иштешип келген. Ал киши Кыргызстанда донор болууга даяр адамдарды ортомчулар аркылуу таап берчү.
Донорлор сөзсүз түрдө медкароодон өтүшкөн, бирок ден соолугунун абалына карабастан дайыма операцияга жарайт деген документтер жасалып келген.
Донор бөйрөгү үчүн бир миң доллардан 7 миң долларга чейин алса, ортодо донорду тапкан адам 3 миң доллардан, ал эми бул каналдын уюштуруучусу 30-70 миң долларга чейин алып келгенин атайын кызмат билдирди.
17-апрелде К.А.К. жана З.Р.З. кезектеги донорду чет өлкөгө узатып жаткан жеринен “Манас” аэропортунан кармалды.
Булак: Спутник радиосу